• Дүйшөмбү 6 Теке 2026
  • Понедельник 6 Июль 2026

Өлкө аймагында жер титиреди

6 Теке 202610:12 Бишкек Govori.TV

Сейсмология институту билдиргендей, 5-июль күнү саат 06:50дө 3,9 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган.

Очогу Пригородное айылынан түштүк-чыгышка карай 8 чакырым, Токмок шаарынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырым жана Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка карай 80 чакырым аралыкта болгон. Пригородное, Карагүл жана Чоң-Жар айылдарында болжол менен 3 баллга чейин, ал эми Кемин шаары менен Орловка шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 4-июль күнү саат 05:40та 4,5 баллдык жер титирөө катталган. Анда очогу өлкөнүн Моюнкум кумдары аймагында, Тараз шаарынан түндүк-чыгышка карай 60 чакырым жана Талас шаарынан түндүк-батышка карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан.

Количество просмотров: 103