8-июнда саат 22:55те Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоолорунда, атап айтканда Кожояр айылынан түндүк-батышка карай 35 чакырым, Ананьево айылынан түндүк-батышка карай 49 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3,5 баллга жеткен.
Ошондой эле жердин силкинүүсү Ак-Булуң, Ак-Булак, Талды-Суу жана Корумду айылдарында 3 баллга чейин сезилген.