• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

25 Тогуздун айы 202317:49 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Количество просмотров: 86