• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Абдыкадыров президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жамаатына тааныштырылды 

11 Жетинин айы 202312:52 Бишкек Govori.TV

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Эмилбек Абдыкадыров жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мурдагы мэри. Ал 2022-жылдын 24-февралынан, 2023-жылдын 31-октябрына чейин мэрлик кызматты аркалады.

Количество просмотров: 148