• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абдылдаев президент Жээнбеков менен эмнени сүйлөштү?

8 Тогуздун айы 2020 16:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды.

«Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан Президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти. Мыктыбек Абдылдаев Президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи.

“Анткени, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт”, — деп кошумчалады

Количество просмотров: 7584