• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду. АКШ Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантат

12 Жалган куран 20257:21 Бишкек Govori.TV

Украина ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча АКШнын сунушуна макул болду. Ал эми Кошмо Штаттар Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырат.

Мындай чечимди Сауд Арабиясында өткөн АКШ-Украина делегацияларынын тогуз сааттык сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйында Вашингтондун делегациясын жетектеп барган мамлекеттик катчы Марко Рубио Украина позитивдүү кадамга барганын, эми кезек Орусия тарапта экенин баса белгиледи.

Рубио кошумчалагандай, Кошмо Штаттар Орусия да ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болоруна үмүттөнөт. Бирок эгерде «жок» деген жооп болсо «анда, тилекке каршы, биз тынчтыкка ким тоскоолдук жаратып жатканын билебиз» деди мамкатчы.

Ал Жиддадагы сүйлөшүүдө кабыл алынган макулдашуулар Москвага жакын арада жеткирилерин белгиледи.

Андан тышкары делегациялар Киев менен Москва ортосундагы туткундарды айырбаштоо, Орусияга күчтөп чыгарылып кеткен украин балдарын кайтаруу маселелерин талкуулашканын украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Вашингтон бул сунуштарды Орусиянын өкүлдөрү менен талкуулоону убада кылды.

Ошондой эле Киев менен Вашингтон болушунча Украинанын сейрек кездешүүчү кен байлыктары тууралуу келишимге кол коюуну тездетүүнү макулдашкан.

Украинанын Президенти Владимир Зеленский америкалык жана украин делегациялардын ортосундагы Жидда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасады.


Зеленский белгилегендей, америкалык тараптын сунушун, 30 күн бою толук ок атышууну токтотуу, суу, аба, ошондой эле бардык сызык боюнча тыныгуу алууну Украина кабыл алат.

“Биз мындай кадамга барууга даярбыз. Америка Кошмо Штаттары Орусияны буга көндүрүшү керек. Башкача айтканда, биз макул болобуз эгерде орустар макул болсо», — деди Украинанын президенти

АКШ менен Украинанын делегациялары алгач ирет жолугушту.

Жиддадагы кездешүүгө украин президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттик кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышты.

АКШ делегациясынын курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф кирди.

Количество просмотров: 729