20-октябрда Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын суперкубогу болду. Суперкубок үчүн Кыргызстандын учурдагы чемпиону “Абдыш-Ата” клубу менен “Мурас Юнайтед” клубу беттешти.
Оюн эсеби “Абдыш-Атанын” пайдасына 1:0 эсеби менен аяктады. Жалгыз голду 25-мүнөттө Жыргалбек уулу Кайрат киргизди.
Бул оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын футбол биримдиги «Абдыш-Ата» футболдук клубуна 20 миң доллар байге тапшырды.