• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Абдывахап Нурбаев: 520 миң доллар пара үчүн эмнеге өкмөт үн катпайт

12 Бештин айы 201816:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.12.2018.Govori.TV

 “520 миң акчаны алып жатып кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча өкмөт эмнеге эмдигиче унчугуп, үн ката элек?”,-деген пикирди Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Абдывакап Нурбаев айтты.  Бул суроого байланыштуу  өкмөттүн  парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылганда ал депутатка өкмөттүн өзүнө кайрылуусун сунуштады. 

“ 520 миң пара менен кармалган министрдин орун басарын элдин бары кеп кылууда.  Ушуга чейин өкмөт позициясын билдирбей, оозун ачып олтурат. Эмнеге министр Жамшитбек Калиловду жумуштан кетирбейт? Муну кандай түшүнсөк болот? – деп суроо салды депутат Нурбаев.

Белгилей кетсек, Нурбаев буга чейин дагы тармактык жыйында бул маселени көтөргөн. Ал мындай ири суммадагы акчаны орун басар жалгыз алуудан корко турганын “Бул ишке министр баштаган бир топ адам аралашып, акчаны бөлүшүүнү көздөгөн” деп айыптаган. Бул боюнча Sputnik агенттиги жазып чыккан.

Эскерте кетсек,транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң пара алууга макулдашкан. Кепилденген сумманын 50 миң долларын алып жатканда министрдин орун басарын  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн.

Количество просмотров: 12