• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абхазия парламентинде атылган октон депутат каза болду

20 Бештин айы 20249:53 Бишкек Govori.TV

Грузиянын жикчил Абхазия жумуриятынын парламентинде ок атылганы, бир депутат каза болгону, бирөө жараат алганы кабарланды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, парламент ал маалда майнингге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жаткан. АМРА-life телеграм-каналы Адгур Харазия жана Кан Кварчия чырлаша кеткенин, Харазия мылтык алып чыгып атканын, ок аларды тынчытууга аракеттенген дагы бир депутат Вахтанг Голандзияга тийгенин маалымдады. Абхазиянын Саламаттык сактоо министрлиги Голандзия алган жараатынан көз жумганын билдирди. Кварчия колунан жарадар болду.

Ички иштер министрлигинин өкүлү курал колдонгон Харазия из жашырып кеткенин кабарлады.

Количество просмотров: 200