• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абиров катышкан мушташта депутат Маматалиев да болгонбу?

13 Жалган куран 2023 11:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташта депутат Марлен Маматалиев да болгон деген кептер боюнча өзү Маматалиев жооп берип, «Мен жүргөндө точно башкача болмок, ишен» деп жазды.

Эске салсак, 12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган. Мушташ боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат тараткан. Анда, милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-март түнкү саат 3:30 чамасында аны белгисиз адам сабап салганын айткан. Ошол күнү Бишкек шаарындагы Элебаев көчөсүнүн боюнда жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, анын денесинен жаракат алган. Буга байланыштуу жабырлануучу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталына баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен медициналык жардамга кайрылган.

Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 3569