• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Абировдун кайра шайлоого катышууга укугу барбы? БШКнын жообу

25 Теке 2023 10:31 Бишкек Govori.TV

Жаныбек Абировдун Бишкектеги Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Абиров кайра шайлоонун дайындалышына себепкер болгондуктан шайлоого катыша албайт.

«Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн. Атайы норма бар. Кайра шайлоонун дайындалышына ким себепчи болсо ошол адам катышпайт деген. Мурдагы депутат кайра шайлоонун дайындалышына себепкер болгон, катышканга укугу жок. Экинчи жагынан алып караганда моралдык жагы дагы бар. Мындай жоопкерчиликти оюнчук катары көрбөш керек»,-дейт Бекматов.

Белгилей кетсек, кечээ 24-июлда мурдагы депутат Жаныбек Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарандардын суроолоруна жооп берген. Анда ал кайра шайлоого катышуу тууралуу шайлоочулардан кайрылуулар келип жатканын айтып, бул жаатта ойлонуп жатканын билдирген.

Эске салсак, Абиров үстүбүздөгү жылдын 27-мартында мандатын тапшырганын жарыялап, буга өзү катышкан мушташ себеп болгонун, мындан ары депутат катары ишин улантууга моралдык укугу жоктугун айтканы бар. БШК аны мандаттан ушул эле күнү ажыратып, кийин кайра шайлоо дайындалган.

Количество просмотров: 456