• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

№13 округдагы кайра шайлоо: БШК талапкерлерден чогулган 7 млн сомду кайтарып берет

17 Бирдин айы 20269:12 Бишкек Govori.TV

БШК №13 округ боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн талапкерлерден чогулган 7 млн сом акча каражатын кайтарып берет. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал белгилегендей, 13-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча 2025-жылдын 30-декабрындагы БШКнын токтому жокко чыгарылган.

Ал эми аталган округ боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылып, талапкерлер – Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова жеңүүчү деп белгиленген.

“1-мартка дайындалган кайра шайлоо жокко чыгарылгандыктан, талапкерлерден түшкөн 7 млн сом акча каражаты кайтарылып берилет”, — деди ал.

Количество просмотров: 96