Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн 12 киши арыз берди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.
Белгилей кетсек, талапкерлердин арызын кабыл алуу 22-августка чейин уланат.
Эске салсак, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган.
Кайра шайлоо 22-сентябрга белгиленген.