• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абсаттар Сыргабаев Кореянын элчиси менен жолукту 

17 Бештин айы 202414:16 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 17-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту.

Жолугушууда, тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы транспорт чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Анын ичинде темир жол тармагы, жол техникаларын сатып алуу маселелери бар.

Министр Абсаттар Сыргабаев эки өлкөнүн ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыкты чыңдай турган демилгелерди колдоого дайым даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Ким Кванджэ министрлик тарабынан сунушталган долбоорлордун ишке ашырылышына бардык күч аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Количество просмотров: 133