• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Абыкеев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды

7 Бештин айы 202318:17 Бишкек Govori.TV

Президент кол койгон тескемеге ылайык, Темирболот Абыкеев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды.

38 жаштагы Абыкеев буга чейин Оштун Чоң-Алай районунун акими болуп турган. Ага чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп иштеген.

Президенттин дагы бир тескемеси менен Жакыпбек Субагожоев Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, Оштун Ноокат районуна аким болуп бекитилди.

Количество просмотров: 386