• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Абылгазиев Билим берүү министрине «Болду жетишет!»,-деди

28 Баш оона 201916:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-августта «Жалпы билим берүү мекемелеринин 2019-2020 окуу жылына карата даярдыгы» тууралуу маалымат жыйында окуу китептериндеги жана аттестаттардагы каталарга байланыштуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага кайрылып, маселени чечүүнү тапшырды:

Ар бир китепте билим берүү жана илим министринин колу турушу керек. Министрдин колу болмоюнча китеп басып чыгарыш үчүн басмаканага жөнөтүлбөш керек. Сиз ошол системаны ишке киргизиңиз. Бул системаны быйыл кылбасак Билим берүү академиясын жоюп, министрликтин ишин караш керек. Мен Интернет аркылуу кечээтен бери эмне деген гана сөздөрдү угуп атам! Гүлмира Каримовна, муну тартипке салыш керек. Бул мурунтан келаткан катачылыктар. Бир китеп ката болду, эки китеп ката болду. Аттестат ката болду. Жетишет да, туурабы?

Гүлмира Кудайбердиева мындан кийин жаңы жобого ылайык окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу басмаканаларга жүктөлөрүн айтты.

Количество просмотров: 651