• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абылгазиев Бишкектеги экология боюнча программа иштеп чыгууну тапшырды

30 Үчтүн айы 2020 11:40 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин экологиялык абалы боюнча кеңешмеде атайын программа иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылыш үчүн зарыл финансы каражаттарын табат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жарандар арасында экологиялык билим менен маданият принциптерин жайылтыш керек экенин белгиледи. Ошондой эле калктуу конуштарды газдаштырууну жайылтуу, автотранспортту газга өткөрүү боюнча маселе талкууланды.

Экологдор Бишкек шаарында абанын булганышы боюнча кыш түшкөндөн бери эле коңгуроо кагып келатышат. Бирок өкмөт азырынча кескин чара көрө элек.

Количество просмотров: 67