• Шаршемби 26 Кулжа 2024
  • Среда 26 Июнь 2024

Абылгазиев: Бизде дагы эле коркунучтар бар

30 Чын куран 2020 12:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн 114 калктуу пунк текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-апрелдеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сунушту дарыгерлер киргизди.

«Ошондуктан биз 30-апрелде бүтө турган өзгөчө абал режимин дагы 10 күнгө узартып берүүңүздөрдү сурандык. 10-май саат 00:00гө чейин өзгөчө абал режимин сакташыбыз керек. Бишкекте, Ош шаарында, Жалал-Абад шаарында, Ат-Башы районунда. Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда, Нарын шаарынан өзгөчө абалды алып, өзгөчө абал режими калсын дедик. Өзгөчө абал кирбеген калктуу конуштардын баарында өзгөчө кырдаал сакталышы керек. Бизде дагы эле коркунучтар бар. Облус менен облуска, район менен районго каттаган жарандардын кыймылын баары бир көзөмөлгө алышыбыз керек. Өзгөчө облус менен облустукун. Себеби бир облуста көп болсо, кээ бири таза. Ал жерлерге жайылтып албашыбыз керек», — деди өкмөт башчы.

Количество просмотров: 266