• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абылгазиев иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти

1 Жетинин айы 2019 10:32 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент (Өзбекстан Республикасы) шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалган.

Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 62