• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Абылгазиев: Казакстан менен Өзбекстандын чек араларынын жабышы бизнестин ишине таасирин тийгизбейт

16 Жалган куран 2020 12:20 Бишкек Govori.TV

Казакстан менен Өзбекстандын чек араларынын жабышы бизнестин ишине таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, бул маселе боюнча ал Казакстандын өкмөт башчысы менен эки ирет телефон аркылуу сүйлөшкөн.

«Коронавирустун пайда болушуна жараша чек арада жарандардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Текшерүү процесстери татаалдашат. Бирок бизнеске, товардын жүгүртүүсүнө эч кандай тоскоолдук болбойт», — деди ал.

Аны менен бирге ал, бул багытта КР Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттердин министрликтери менен иш алып барып жатканын айтып өттү.

Количество просмотров: 136