• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Абылгазиев Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевди сунуштады

22 Бугу 201914:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев КР президенти Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады.

Маалыматка ылайык, премьер-министр мындай сунушун аталган агенттиктин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиев өз арызынын негизинде кызматынан кетип жатканына байланыштуу киргизген.

Айта кетсек, мыйзамга ылайык өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентине өкмөт мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.


Количество просмотров: 14