Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV
Депутат Абдывахап Нурбаев буга чейин транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү суроонун жообун ала албай келген.
Республика боюнча элдин бары министрдин орун басары 520 миң акча менен кармалганы боюнча талкуулап жатышат. Демократиялык мамлекеттерде министр ошол жерден отставкага кетет. Премьер-министр түшүндүрмө бериш керек. Сиз кандай ойдосуз? Эмне унчукпай олтура бериш керекпи? –деп суроосун кайра кайталады Абдывахап Нурбаев.
Бул суроого премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төмөнкүдөй жооп берди.
“Негизи абдан туура эмес көрүнүш болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Моралдык жактан албетте өкмөт башчысы катары соккуга дуушар болдум. Бирок, министр менен сүйлөшүп жатабыз. Ал киши бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтып жатат. Бирок, буга чейин биз тапшырма бергенбиз. «Ушул проекттерде жаман көрүнүштөр бар,текшерүү керек» — деп. Ошол биз тапшырма бергенден кийин ушул көрүнүш болуп жатат”,-деди Абылгазиев.
Анын жообунан кийин депутат Нурбаев Транспорт жана жолдор министрлиги өтө коррупциялашып кеткенин белгилеп, 30 миллион сомдук долбоорлорду 70-80 миллионго бааланып жатканын айтты. Ошондой эле ал министрди отставкага кетирип, жаңысын конкурстук негизде тандоо керектигин кошумчалады.
Мындан ары дагы депутат менен премьер-министрдин ортосунда диалог жүрүп депутат, «министр уятынан дагы бул убакка чейин жумуштан кетиш керек болчу» — деген пикирин билдирди.