• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абылгазиев мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго кол койду

30 Аяк оона 2019 12:20 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин маянасы 30% көтөрүү тууралуу чечим 1-октябрдан тартып аткарыла баштайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл августта мугалимдердин Ысык-Көлдө өткөн кеңешмесинде да бул тууралуу айтып, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болорун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, айлык көтөрүлгөнүнө байланыштуу 2019-жылдын соңуна чейин 1,7 миллиард сом керек болот. Өкмөт каражат табылганын, эмки жылга 7 миллиард сом керек болорун, ал деле маселе жаратпай турганын маалымдоодо.

Баштапкы эсептөөлөргө ылайык, аптасына 20 саат сабак берген мугалимдердин айлыгы 12 796 сомдон 17 0 97 сомго жогорулайт. Жумасына 36 саат менен иштеген тарбиячылардын маянасында деле ушундай өзгөрүү болот.

Иш тажрыйбасына, саатына жараша жана башка төлөмдөрдү эске алганда, мугалимдердин маянасында айырмачылык чыгышы мүмкүн.

Количество просмотров: 577