Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.
Ысык-Көлдөгү ар бир үй күнүнө 60 миң сомдон киреше тапкан пансионат. Ал эми айына болсо патентке 600 сом төлөшөт. Ысык-Көлдө киреше таап жаткан эс алуучу жайларды салык төлөөгө үйрөтүү керек. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчет угулуп жаткан коллегияда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
«Патенттен башка нерсеге өтүш керектигин канча убакыттан бери айтып келебиз. Аларды салык төлөөгө үйрөтүш керек. Фискалдык саясатты өзгөртөбүз. Бирок силер тараптан бир да кадам жасалган жок», — деп билдирди өкмөт башчы.