Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир райондун же облустун кире беришинде санитардык-карантиндик посттор орнотулуп жатканын айтып, ал жактан жөнөкөй жарандар жүйөөлүү себептер менен гана өтө алышаарын айтты.
«Санитардык-карантиндик посттордо адамдардын дене табы текшерилип, кайда жана эмне себептен бара жатканы тууралуу маалыматтар алынат. Жүйөөлүү себептер болсо албетте түшүнүү менен мамиле кылабыз. Ал эми той же жөн гана конокко бара жаткандар болбойт»,-деди ал.
Ал эми Өзгөчө кырдаал министринин орун басары Калыс Ахматов санитардык-карантиндик посттордон кимдер өтө аларын айтып берди.
Санитардык-карантиндик посттор 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
Аталган посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары болот.