• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абылгазиевди беткапсыз узаткандары коомдо талкуу жаратты

18 Кулжа 20209:34 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 18-июнда Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Андан тартылган сүрөт соцтармактарга тарап, каткууга алынды. Себеби болуп, сүрөттөгү өкмөт мүчөлөрүнүн маска тагынбай жүргөнү болду.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2250384468440814&set=a.351575178321762&type=3&theater
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1588028168045924&set=a.288171968031557&type=3&theater
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2987516691340026&set=a.410057995752588&type=3&theater
https://www.facebook.com/yssyk.kol/posts/2614580002142726
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2621549614784921&id=100007897244992
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=735707983832928&id=100021811982852
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2759972637571019&set=a.1445346072367022&type=3&theater

Эске салсак, Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы Премьер-министрге жана жалпы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ийгилик каалады.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги фракциялардын лидерлери – Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.

Количество просмотров: 409