• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Абылгазиевди Медведев туулган күнү менен куттуктады

20 Үчтүн айы 201918:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.01.2019. Govori.TV

Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев телефон аркылуу Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев бүгүн, 51 жашка толду. 

Медведев кесиптешине бекем ден соолук, ишине ийгилик каалады.

Сөз ортосунда өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташуусунун маанилүү маселелерин жана мындан аркы келечегин талкууланга да үлгүрүштү.


Количество просмотров: 12