• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Абылгазиевдин бажасы Рысалиев кызматтан кетти

18 Бугу 201920:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.05.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчы М. Абылгазиевдин бажасы, «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ал «Govori.TVга» тастыктады.

Анын айтымында, арызды бүгүн эртең менен жазган.

«Мени ОБСЕден башка эч бир жак кызматтан кетире албайт. Андыктан арызымды жазып, «Ачык Өкмөттү» мындан ары иштей бериши үчүн аты чуулгандуу окуялар менен байланышпаган адамды дайындоону кааладым»,- деди ал.

Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан. Ал эми Рысалиев «Мегакомдун» башчысынын айтканы жалган жана чагымчылдык» деп билдирген.

Количество просмотров: 16