• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абылгазиевге маалымат кеч жетип жатабы же милдетин аткаргысы келбейби?

10 Тогуздун айы 2018 18:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
Акыркы учурда коомдо премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге карата да көптөгөн сындар айтыла баштады. Анткени өлкөдө кандай маселе жаралбасын, премьердин көңүлү эң кеч бурулат деген сындар байма-бай айтылууда. Алсак, орус жаранынын кыргыз өкмөтүнө айткан сынына дагы Абылгазиев өз убагында жооп кайтарган эмес эле.
Жогорку кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков бул пикир боюнча жооп кайтара албаган премьер-министрди сындап, тең ата жообун бериши керек болчу деген оюн айткан.
Мындан кийин эле Эмгек жана өнүгүү министринин орун басары, Зууракан Каденованы Кореядагы тартипсиз жүрүм-туруму үчүн жазаламыш болду эле, бирок андан кийин дагы аталган министрликтин жетекчилери тарабынан мыйзам бузуулар тастыкталса да премьер азыркыга чейин үн ката элек.
А бирок, Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикиринде премьердин белгилүү себептерден улам бул маселе боюнча үн катпай жаткандыр. Кантсе да жетекчилер күнөлүү болсо мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек деген ойлорун билдиришти.
Мындай көрүнүштөн улам эл арасында Абылгазиев милдетин  так аткарсын деген талап күч алды…

Количество просмотров: 24