Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Исхак Масалиев коомчулукта тергөө абагында жана убактылуу кармоочу жайларда кармалып тургандар сабалып жатканы боюнча сөз болуп жатканын айтып, тийиштүү органдардын маалыматын угууну сунуштады.
Эске салсак, социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан.
Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.