• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ачык айт: «Конституциялык реформаны азыр талкулоо мыйзамсызбы?» (Түз эфир)

2 Бештин айы 2020 16:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Конституциялык палата “Реформа” партиясынын парламент 22-октябрда кабыл алган “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы жазган арызын карап жатат.

Конституциялык палата биздин пайдабызга чечим чыгарып, кайра шайлоону кийинкиге жылдырууну мыйзамсыз деп тапса, БШК шайлоону кайрадан жаңы күнгө дайындайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

“Конституциялык палата биздин пайдабызга чечим чыгарса, БШК шайлоону кайрадан жаңы күнгө дайындайт. Эгер кайра шайлоону кийинкиге жылдыруу мыйзамдуу деп табылса анда айтыш кыйын. Мыйзамсыз жүрүп жаткан Конституциялык реформа дагы деле уланышы мүмкүн”,-деди Сооронкулова.

Ошол эле учурда Конституциялык Кеңешме күндө жыйындарды өткөрүп Конституцияны өзгөртүү маселесин карап жатат.

«Конституциялык реформаны азыр талкулоо мыйзамсызбы?», деген темадагы отүп жаткан Ачык айт дискуссийсынын катышуучулары:

Сания Токтогазиева юрист, Нурбек Токтакунов юрист.

Количество просмотров: 223