Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн, өкмөт үйүндө «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчилигине жаңы талапкер каралууда.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) бул кызматка Улуттук форумда «Ачык Өкмөт» чечим чыгаруусун билдирген.
Буга ылайык, бул сунуш бүгүнкү жыйында 1-маселе катары каралып, Форумдун мүчөлөрү катчылык өкмөт алдында болуш керек же өкмөт башчысы атайы бул кызматка бирөөнү бекитүү мүмкүн деген талкуулардын жыйынтыгы боюнча сунуштар эске алынып, так чечим чыгаруу үчүн 2 жума мөөнөт коюлду.
Ал эми ушул эле чечимге Юстиция министринин башчысы берген добушун кайра артка алаарын айтты.
«Биз бүгүнкү жыйында «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгына чечимди биринчи маселе менен шашылыш карап койдук. Ошондуктан, берген добушумду кайра артка алдым»,-деп билдирди министр.
«Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынында жетекчи шайланганга чейин, Антикоррупциялык саясат секторунун башчысы Эрмек Нурбеков жана башка кызматкерлер убактылуу иш алып барышат.
Жана ошондой эле Ачык Өкмөт Улуттук форумунун жыйынында вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова жана КРнын министрликтеринин жетекчилери катышып, бир катар маселелер каралды.
Эскерте кетсек, «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев «КТ Мобайл» чырына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган эле.