• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

14 Үчтүн айы 2022 11:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Мадумаров учурда тергөө органында күбө катары сурак берүүдө. Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча суракка чакыртылган.

Кошумчалай кетсек, былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болуп, 180ден ашуун киши жараат алган.

Количество просмотров: 478