Бүгүн, 2025-жылдын 22-ноябрында, болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары белгилүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу маалымат саясатчынын соцтармак баракчасына жазылды.
Маалыматка ылайык, тинтүүнүн жүрүшүндө үйдөгү сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынган. Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, Адахан Мадумаровду укук коргоо кызматкерлери тарабынан белгисиз тарапка алып кетишкен.
«Ушул эле күнү, болжол менен саат 15:00дө, укук коргоо органдары Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаровду жана анын жубайын да белгисиз тарапка алып кетишкен»,-деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча тийиштүү органдар азырынча расмий маалымат бере элек.