• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Адахан Мадумаров кайсы иш боюнча кармалганы белгилүү болду

2 Аяк оона 202315:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду баш коргоо чарасын кароо үчүн сотко алынып кетти. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

«Баягы бүтпөгөн жомок да жомок, Баткен…», — деди Адахан Мадумаров.

Ага 2009-жылы Хожент шаарында кол коюлган протоколго байланыштуу иш боюнча айып табылып жатканы маалымдалды.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 5807