• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Адахан Мадумаров «Кемпир-Абад» боюнча пикирин билдирди (видео)

24 Чын куран 2021 12:57 Бишкек Govori.TV

Адахан Мадумаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча видео кайрылуу жарыялады.

«Чек ара маселеси опурталдуу жана татаал. 6 миң гектар жер түбөлүктүү Кыргызстандыкы болуп жана талаш-тартыш маселе жараткан эмес.Азыркы бийлик «30 жылдан бери чечилбеген маселени биз чечебиз» деп модага айлантып алды. Кемпир-Абад маселесин ачыктан-ачык саясий маселеге айлантып жибергендиги көрүнүп турат. Себеби, Өзбекстан тараптан бул маселе көтөрүлгөн эмес. Муну биздин тараптагылардын жасакерленгени сыяктуу болуп турат. Анын үстүнө атайын кызматтын жетекчиси «кое тургула, мен Ташкенттен барып сурай келейин» дегени өтө жагамсыз көрүнүш. Маселе эмне үчүн Бишкекте же түздөн-түз Кызыл Октябрь, Кароол, Төрт-Көл айыл өмөттөрүндө чечилбей туруп, Ташкентте чечилиши керек? » , — деди Мадумаров.

Количество просмотров: 627