Эмгек өргүүсүндө жүргөн УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Эски-Оочу айылында жолдун четинде эркек кишинин сөөгү табылган..Бул кылмышка шектүү катары Лейлек РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларында 1991-жылы туулган С.П. аттуу аскер өтүүдө. Ал 6-сентябрдан бери эмгек өргүүсүндө жүргөн.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-сентябрда шектүү досу менен бирге тойдон кайтып келе жатышкан. Экөөнүн ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал мушташка айланып, натыйжада алардын бири каза болгон. 18-сентябрда аскер кызматкери С.П. укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.