Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУ башкармалыгы (БУУ БКБ) «Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук чараларды бекемдөө» деп аталган жыйын өткөрдү.
Адам сатуу Борбор Азиядагы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда, ал эми Кыргызстан адам сатуунун транзиттик жана дайындалган өлкөсү болуп таанылган.
БУУ БКБнын конференциясы Жогорку Кеңештин, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, башка мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн 40тан ашуун өкүлүн чогултту.
«Оазис» уюму адам сатууга кабылган 58 жабырлануучуну аныктап, алардын 15и өспүрүм кыздар жана эмгек эксплуатациясына дуушар болгон 24 эркек аныкталган. Булардын ичинен 40 иш укук коргоо органдарына тапшырылып, 16 кылмыш иши козголгон.