11-январда Астанда болгон катуу шамал бир нече имараттын үстүн учуруп, терезелер талкаланды. Бул тууралуу социалдык түйүнгө чыккан видеолордон көрсө болот. Казакстандын ИИМнин өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов «112» номуруна 2000 ге чукул чалуу болгонун билдирди. Көз жумгандар жана жабыркагандар болгон жок. Астанада өзгөчө кырдаал жарыяланып, баардык авариялык-куткаруучу кызматтар күчөлтүлгөн режимде иштеп жатканы белгилүү болду. Астаналыктар шакаба кылып, бул шамалга «НурЖел» деген ат ыйгарышты. Анткени Астанада салынган имараттардын баардыгы президент Нурсултан Назарбаевдин атына байланыштуу.
https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=kBg4rKBBATc
https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=M1KsrayrVD8
https://www.youtube.com/watch?v=ESw3-h4qde4
https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=s_5clSh4N8o
https://www.youtube.com/watch?time_continue=5&v=8vQtUtOkaMA
https://www.youtube.com/watch?v=xcxt4fqNU6Y