Бүгүн, 15-мартта Бишкектин административдик соту Свердлов округу боюнча көп добуш алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын канаттандырган жок. Бул тууралуу Govori TVга адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.
«Сот арызды канааттандырган жок. Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечими күчүндө калды. Жогорку сотко кайрылабыз», — деди жактоочу.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 9-мартта өткөн отурумда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген. Талапкер БШКнын чечимине каршы административдик сотко арызданган. БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарат.