• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жеңиши жокко чыккан Муртазалиев президентке кайрылуу жасады

18 Жалган куран 2022 15:07 Бишкек Govori.TV

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«27-февралда, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо Бишкектеги эки округда — Биринчи май жана Свердлов районунда өттү. Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 6 миңге жакын шайлоочунун добушун алуу менен алдыга чыктым. 9-мартта БШК менин талапкерлигимди шайлоодон алып салган, бирок жеңиш алып салынган жок жана бул факты тарыхта түбөлүк калат. Мамлекет башчы катары ар дайым чындык тарабында турасыз деп ишенем. Менин талапкерлигимдин айланасындагы жагдайлар калыс чечилишин өтүнөм», — деп билдирген ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген. Талапкер БШКнын чечимине каршы административдик сотко арызданган. Бирок сот БШКнын чечимин күчүндө калтырган. БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарат.

Количество просмотров: 228