Бүгүн, 22-мартта Жогорку сот Свердлов округу боюнча көп добуш алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын канаттандырган жок. Бул тууралуу Govori TVга Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 9-мартта өткөн отурумда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген. Талапкер БШКнын чечимине каршы административдик сотко арызданган. Сот БШКнын пайдасына чечим чыгарган. БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарыла турганын кабарлаган.