• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Адвокат: Атамбаевдин жансакчысын адам өлтүрдү деп айыптап жатышат

25 Аяк оона 2019 9:04 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди адам өлтүрдү деп айыптап жатышат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев өз баракчасына жазып чыкты.

«Канат Сагымбаев 7-августта спецназдын балдарын өлүмдөн куткарган. Эми болсо аны киши өлтүрүүдө айыптап жатышат», -деп жазган Жоошев.

24-сентябрда Канат Сагымбаев 48 саатка камакка алынган, бул чечимди сот кечинде кабыл алды.

Эскерте кетсек, Канат Сагымбаев УКМКнын кызматкери болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарууга жиберилген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президентти кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Мурда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

Ал эми 2019-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында УКМКнын ички жоболоруна карабастан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барган.

“Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында К.Сагымбаев “Кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде коопсуздук органдарынан бошотулду”, — деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Количество просмотров: 268