Адвокат Канат Хасанова үн жаздыруучу жабдыкка окшогон буюм ал дайым барып, олтуруп жүргөн кафедеги дивандан табылганын айтты. Бул тууралуу адвокат фейсбук баракчасына кабарлады.
«Мен жыл бою бир кафеде дайыма бир жерде отурам, ар дайым бардык жолугушуулар ушул жерде өткөрүлөт. Мен бул жерде принципиалдуу түрдө камерадагы жазууларды кээ бир түзүмдөрдүн кызматкерлери алып жатканын билип отурам, бирок мен жашыра турган эч нерсем жок, анткени түз эфирде өз позициямды ачык айтып, бийликти кулатууга чакырыктарды, провокацияларды жасаган эмесмин!», — деп жазат ал.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары 24-октябрда Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.