• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Адвокат Нурбек Токтакуновду кармап кетишти (видео)

25 Жалган куран 202211:32 Бишкек Govori.TV

Адвокат Нурбек Токтакуновду кармап кетишти. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурбек Токтакуновду бүгүн эртең менен атайын күч кызматкерлери келип алып кетишкен.

Эске салсак, кечээ, 24-мартта Биринчи Май райондук соту Токтакуновду Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча Кыргызстандын бардык судьяларына акаарат келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Ошол эле күнү жактоочу Нурбек Токтакунов апелляциялык арыздын негизинде убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды.

«Эгер Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырса, анда ал мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет», — деген ал.

Ал эми жактоочусу Бакыт Автандил уулу бүгүн, эртең менен Токтакуновду кармап кеткени тууралуу видеону соцтармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Количество просмотров: 3264