• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Адвокат: Орхан Инандыны Бишкектен «үч кыргыз улутундагы адам уурдаган»

13 Теке 2021 15:43 Бишкек Govori.TV

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Бишкектен «үч кыргыз улутундагы адам уурдаган». Андан соң эртеси күнү Түркияга алып келишкен. Бул тууралуу ал Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмазга айтып берген.

Адвокат “Азаттыкка” курган маегинде Инандыны Кыргызстанда кармоо операциясы, абактагы алгачкы көрсөтмөлөрү жана абалы тууралуу айтып берди.

— Адвокат мырза, 13-июлда Түркиядагы бир катар басылмалар Орхан Инандынын «террордук уюмдун Орто Азиядагы жооптуу адамы болгонун мойнуна алганы» тууралуу жазып чыкты. Сиз адвокат катары бул тууралуу кабарыңыз барбы? Чынында эле Инанды тагылган күнөөлөрдү мойнуна алдыбы?

— Орхан мырза күнөөнү мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган жок. Бирок Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу айтып берип, тергөөнүн суроолоруна ачык жооп берди. Мектептерди кантип уюштурганын, кимдерден акча келгенин айтып берди. “Бул ишти кылганыма эч өкүнбөйм, бүгүн да мүмкүнчүлүк болсо аны менен алектенем, балдарга билим бердим” деп жатат. Айрым маалымат каражаттары ушул нерсени күнөөнү мойнуна алды деп жазып жатышат.

— Бирок түрк басылмалары «оор күнөөнү мойнуна алды, мыйзамсыз ишмердикти кимдер каржылаганы боюнча айтып бергенин» жазышты эле.

— Эмне иш кылса, анын баарын түшүндүрдү. Көрсөтмөлөрү 89 барак болду. Бирок анда күнөөлүү экени тууралуу эч бир өкүнүч жок. Өзүн мыйзам буздум, күнөөлүүмүн деп эсептебейт. Ал эми айрым маалымат каражаттарынын жазганы бул пропаганда эле болуп жатат. Кыргызстанга кантип мектептерди ачканын, ишкерлердин инвестиция салганы тууралуу көрсөтмө берди. Ал күнөөнү мойнуна алган жок. Жөн гана эмне менен алектенсе ошолорду айтып берди. Мыйзамсыз эч нерсе кылган жокмун деп жатат.

— Сиз Орхан Инанды менен жолугуп, сүйлөшүп жатасызбы?

— Мен Коопсуздук кызматы, прокуратура жана сотто көрсөтмө берип жатканда катыштым.

— Кыргызстан кандайча кармалып, Түркияга алып келингени тууралуу сизге айтып бердиби?

— Жок, уурдалып келгенин билет, көп деле маалымат айта алган жок.

— Аны кармоо боюнча операцияны ким уюштуруптур? Түркиянын Улуттук чалгын уюмубу же Кыргызстандан дагы расмий органдар катышыптырбы?

— Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргыз улутундагы киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт.

— Кыргызстандык үч адамбы? Алар кандайча кармап кетиптир?

— Ооба, кармап көздөрүн таңышыптыр. Андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Казакстанбы, Кыргызстанбы, Тажикстанбы билбейт. Бирок кара жол менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышып, эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Бирок кайсы өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарылганын көзү таңылуу болгон үчүн билбейт

— Түшүнүктүү, азыркы абалы кандай?

— Мага “саламаттыгым, маанайым жакшы” деп айтып кой деди.

— Буга чейин видео, сүрөттөрдөн кийин ур-токмокко, кыйноого алынышы мүмкүн деп тарапташтары чочулап жатышты эле. Кыйноо боюнча даттанган жокпу?

-Жок. Бирок Кыргызстанда уурдоо учурунда денесине залал келген окшойт. Бул жакта психологиялык басым болуп жатат, бирок уруп-согуп денем зыян келтирген жок деп айтты.

— Учурда Орхан Инанды расмий түрдө эмне айып тагылып жатат. Кайсы беренелер боюнча?

-Азырынча белгисиз. Болжол менен үч айга жакын тергөө жүрүп, андан соң беренелер боюнча айып тагылат.

— Буга чейин түрк маалымат каражаттары Инандынын абакка которулганын жазды. Азыр кайсы жакта кармалып турат?

-Кечээ коопсуздук органынан абакка которулду. Анкарадагы Синжан түрмөсүндө ушу тушта кармалып турат. Кыргызстанды элин жакшы көрөрүн айтып койду деди. Мектептер эмне болот деп азыр санаа тартып жатат.

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Эрдогандын бийлиги Орхан Инандыны «Гүлен» кыймылынын салмактуу мүчөсү катары мүнөздөп жатат. Инанды жоголгондон бери анын жүздөгөн тарапкерлери Кыргызстанда нааразылык акциясына чыгышкан жана аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпатташкан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 1850