• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

АКШда кыргызстандык жаран төрт кишинин өлүмүнө айыпталууда

6 Бирдин айы 20269:44 Бишкек Govori.TV

АКШнын Индиана штатында жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жараны Б.Б. кармалды.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактоодо. 

Расмий маалыматтар түшкөн учурда кошумча маалымат берилет.

Буга чейин АКШда жүк ташуучу унаа айдаган кыргызстандык каршы тилкеге чыгып, натыйжада 4 америкалык жаран каза болгону маалымдалган.

Количество просмотров: 173