• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адылбек Касымалиев АКШда эл аралык жыйындарга катышат

13 Чын куран 20269:24 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Вашингтон шаарына барып, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тобу уюштурган жазгы жыйындарга катышат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр пландалган. Анын ичинде операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани менен жолугушуулар өтөт.

Тараптар Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын учурдагы долбоорлорунун ишке ашырылышын, ошондой эле аймактын энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн маанилүү болгон Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун илгерилетүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында, Адылбек Касымалиев дүйнөдөгү алдыңкы технологиялык компаниялардын жетекчилиги менен да жолугушууларды өткөрөт. Алардын катарында Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX бар.

Жолугушуулар мамлекеттик башкарууга заманбап чечимдерди киргизүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана өлкөдө заманбап маалыматтык технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелерине арналат.

Ошондой эле сапардын алкагында АКШ президенти Дональд Трамптин администрациясы менен эки тараптуу консультациялар өтөт.

Количество просмотров: 85