• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Дүйнөлүк банк Баткенди өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт

4 Тогуздун айы 2022 12:48 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөр 3-октябрда Бишкекте өттү. Тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, андан тышкары, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кайгылуу окуяны талкуулашты.

Депутаттар Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жана саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл деген принципти кармана турганын белгилешти.

Анна Бьерде акыркы кырдаалга карата өкүнүчүн билдирип, Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө “Аймактык экономиканы өнүктүрүү” долбоорунун алкагында каражат бөлө турганын белгиледи. Бул программа кийинки төрт жылга эсептелген жана туруктуу экономикалык өсүүгө багытталган.

Количество просмотров: 199