• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Дүйнөлүк банк Баткенге 50 млн доллар бөлөт. Сот жаш кызды зордуктоого шектелген адамды 8 жылга кести

4 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЗОРДУКТОО ИШИНДЕГИ  ТӨРТҮНЧҮ АЙЫПТАЛУУЧУГА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү. Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге — эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып тагылган.

30-августта Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

ДҮЙНӨЛҮК БАНК БАТКЕНГЕ АКЧА БӨЛӨТ

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөр 3-октябрда Бишкекте өттү. Тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, андан тышкары, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кайгылуу окуяны талкуулашты. Депутаттар Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жана саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл деген принципти кармана турганын белгилешти.

Анна Бьерде акыркы кырдаалга карата өкүнүчүн билдирип, Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө “Аймактык экономиканы өнүктүрүү” долбоорунун алкагында каражат бөлө турганын белгиледи. Бул программа кийинки төрт жылга эсептелген жана туруктуу экономикалык өсүүгө багытталган.

КАРАКОЛДО РЕЙД ЖҮРДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Каракол шаарында “Эмгек-Өспүрүм” аттуу рейддик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө базарлар, эмгек биржалары, унаа жуучу жана башка жайлар текшерилип, аталган жерлерде 16 өспүрүм иштеп жаткандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда иш берүүчүлөр балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тиешелүү эмгек келишимдерин түзүшпөгөндүгү белгилүү болду.

Аныкталган фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш берүүчүлөргө КР мыйзамдарына каршы келген балдар эмгегине жол бербөө боюнча катуу эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, рейдге Каракол шаардык милициясынын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Количество просмотров: 112